Жыргалаңда беш жылдыздуу мейманкана курулууда

Аймак 9 сентябрь 2026 14:40
copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Жыргалаңдын туристтик аймагында жаңы объектилердин курулушу жүрүп жатат.

"Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришкендей, алардын арасында жалпы аянты 53 миң 113 чарчы метрди түзгөн беш жылдыздуу мейманкана бар.

"Учурда курулуш аянтында монолиттик иштер жүргүзүлүп, пайдубалды бетон куюуга даярдоо иштери аткарылууда. Ошондой эле имараттын темир-бетон конструкциялары тургузулуп, мунара крандары орнотулган", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алкагында Жыргалаңда заманбап алты кабаттуу мейманкана комплекси пайда болот. Объект курорттун туристтик инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталган.