Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. "Жыргалаң" тоо-лыжа курортунда асма аркан жол сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда адистер B2 асма аркан жолунун иштешин текшеришти.
"Иштер өз нугунда уланууда. Техникалык жөнгө салуу, кызматкерлерди окутуу жана ишке киргизүүгө даярдык жүрүп жатат", – деп белгиленет маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда "Ала-Тоо Резорт" тоо кластерлерин ишке ашыруу максатында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жер тилкесин сатып алган ишкерлер курулуш иштерин жүргүзүшүүдө.