Утилдештирүү жыйымы: 9 айда бюджетке дээрлик 343 млн сом түштү

Экономика
1084006652_0_0_3189_1794_1920x0_80_0_0_121035b5d93c6558547182d6c029917a.jpg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 09.24.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 09.24.24 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 09.24.24.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 9 айында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшкөн каражат 214 млн 411,3 миң сомго көбөйгөн.

"Учурда төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдүн өз убагында түшүшүн камсыз кылуу жана карыздарды өндүрүү боюнча иштер Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, утилдештирүү жыйымы кайра иштетүүгө тийиш болгон товарларды жана алардын таңгактарын өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан алынат. Мындай товарлардын 24 тобу министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.