Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Россиядан Кыргызстанга 18 кыргызстандыктын сөөгү жеткирилген. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сөөктөрдү мекенге алып келүү иштери КР Транспорт министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Россия Федерациясындагы өкүлчүлүк менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Биринчи кварталда Россиянын аймагында каза болгон Кыргыз Республикасынын 18 жаранынын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Ал эми, былтыр, 2024-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 8 болчу.