Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 329,1 млрд сомду түздү

Экономика 15 апрель 2025 11:18
Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 329,1 млрд сомду түздү

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. 2025-жылдын башынан бери республиканын экономикасында негизги көрсөткүчтөрдүн өсүүсү белгиленди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын январь-мартында ички дүң продукция алдын ала эсептөөлөр боюнча 329,1 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1%га өскөн.

Ал ИДПнын 51 пайызын тейлөө, 31,5 пайызын товардык өндүрүш тармагы, 17,5 пайызын продукцияга салыктар түзгөнүн белгиледи.