Бишкек, 28.01.25. /Диана Айдарова – Кабар/. Салттуу журналистика калеми менен коомду тазалайт, агартат. Маалымат таратуучунун таасири, агартуучулук миссиясы комчулукта өтө маанилүү. Себеби элди агарта турган да, талкалай турган да маалымат.
Кезинде коомчулук гезит-журнал, тв-радиолор аркылуу гана маалыматтар менен кабардар болсо, бүгүнкү күндө бул жаатта таптакыр башка абал. Цивилизация, цифровизация сыяктуу түшүнүктөр менен кошо социалдык тармактар деген түшүнүк кирди. Аны менен бирге, кыргыз сегментинде социалдык тармактар менен биргеликте пайда болгон блогер деген термин колдонула баштады.
Албетте, салттуу журналистика таптакыр унутулуп калган жок. Ошентсе дагы, кесипкөй журналист маалыматты изилдеп тактап, шөкөттөп жасап бүткүчө, уюлдук телефонго тарта калып, чын-төгүнү такталбаган маалыматтарды дароо социалдык тармакка таратып жиберген блогерлер да жок эмес. Муну менен катар, элге пайдалуу берүүлөрдү сунуштап, Кыргызстанды жакшы жагынан тааныткан блогерлер да жок эмес экенин айта кетүү керек.
Бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө өзгөргөн жашоо агымына жараша, азыр ар бир адамдын колунда уюлдук телефон бар. Кай жерде болбосун интернет аркылуу каалаган маалыматты ала алат. Эң өкүнүчтүүсү ошол маалыматтардын иргелбегени. Блогерлик менен салттуу журналистиканын айырмасы, кесипкөй журналисттин ченемдери жана багыттары тууралуу Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев менен маек курдук.
- Саламатсызбы? Бүгүнкү күндө салттуу журналистиканын абалы кандай? Деги эле бул тармак өзүнө эмнелерди камтыйт?
- Саламатчылык. Салттуу журналистика бул- коомдогу окуяларды чынчылдык жана акыйкатуулук менен чагылдыруу. Гезит, тв, радио өңдөнгөн ЖМКларда мамлекеттеги коомдук-саясий окуяларды так, бурмалоосуз чагылдыруу салттуу журналистиканы так сүрөттөп, ага шайкеш келет десек болот.
Бул жерде кандай гана маалымат болбосун, ал такталып, жооптуу бир булакка таянуу менен, элге ачык-айкын жана так маалымат жеткириле турган багыт.
- Акыркы мезгилде социалдык тармактар менен бирге блогерлер активдешти. Блогерлердин мамлекеттик мекемелерди же жеке ишкерлерди текшерүүгө акысы барбы?
- Заман талабына ылайык, медианын өнүгүшү менен журналистика жаңы деңгээлге чыкты дейт элем. Кантип? Жаңы деңгээл дегеним, бул журналисттердин колуна-кол, бутуна-бут болуп берген жардамчы инструменттер пайда болду. Аны менен катар, теле канал, гезит-журнал, радиолорго жасалган макалалар калың элдин катмарына социалдык медиалар аркылуу жеткирилүүдө. Шаардабы же алыскы аймакта болобу, бардык жарандар социалдык тармактар аркылуу күнү-түнү окуп-билип кабардар болууда. Мисалы, бүгүнкү күндө мамлекеттик канал болобу, жеке менчик радио, гезиттерби ар биринин социалдык платформаларда өзүнө таандык аянтчалары бар. Бул бир жагынан жакшы инструмент катары, окурман-көрөрман топтоп берүүдө.
Дагы бир жагдай, социалдык медианын активдешүүсү кесипкөй журналисттердин коомчулук алдында жоопкерчилигин күчөттү. Себеби, карапайым калк арасында блогер менен журналистти айырмалоо кыйын. Муну менен эмнени айткым келет? Журналист өз ишин так билип, маалымат таратууда ачык-айкындуулукту сактап, сапаттуу макала жасашы керек. Коомчулукка кесипкөй журналист менен блогердин айырмасы, берилген маалыматтан билинип, айгинеленип турушу керек дейт элем. Журналист үчүн бардык мекемелердин эшиги ачык болушу шарт. Бирок ошол эле учурда, журналисттик этика сакталып, өзүн тааныштырып, камера, үн жаздыруучу жабдыктары иштеп жатканы эскертилип, респонденттин макулдугу менен гана журналист өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө милдеттүү.
Албетте, блогерлердин баарын жаман деген туура эмес, мамлекетибизди ар тараптуу, өзгөчө туризм жаатында Кыргызстанга гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө жакшы жагынан таанытып келгендери бар.
Тилекке каршы, бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, арасында коомго терс жагынан көрүнгөн, мыйзамга туура келбеген иштер менен алек болгон блогерлердин бар экени белгилүү. Андайлар мыйзамсыз иштерге барып, ишкерлерди алдамчылык менен коркутуп, шантаждоо жолу менен күн кечиргендери өкүнүчтүү.
Эл арасында блогер менен журналисттин айырмасы тууралуу так түшүнүк жок үчүн, кээде алар өздөрүн журналист деп да тааныштырып койгондуктан, коомчулуктун башы айланып калууда.
Бизде көбүнчө камераны жашырып барып, эскертүүсүз тартып, каармандын оңтойсуз абалын атайылап кадрга түшүрүп, ошол ыңгайсыз учурларды жарыялап, кайсы бир инсанды коомчулукка жек көрүндү кылып көрсөткөн учурлар көп кездешет. Бул журналисттик этиканын сакталбай жатканын айгинелейт. Респонденттин макулдугу жок эч кандай съемка болбошу керек. Жүзүн көрсөткүсү келбегендердин бетин жаап берүүгө милдеттүү. Керек болсо респонденттин каалоосу жок болсо, журналистке да, блогерге да тарттырбай койгонго да укугу бар.
Журналистпи же блогерби кимдир-бирөөнүн жеке территориясына кирип тартпаш керек. Коомдук жайларда гана эскертүүсүз тартканга укуктуу.
- Деги эле блогер деген ким, анын кандай укук-милдеттери бар?
Блогер бул колунда сапаттуу тарткан телефону бар катардагы эле жаран. Ал тарткан материалын коомчулукка жеткире турган жеке аянтчасы, катталуучуларынын көптүгү менен гана айырмаланып, коомдук пикир жарата алат.
Блогер менен журналисттин айырмасы асман менен жердей.
Журналисттер 5 жыл бою журналисттик этика, эл аралык, тармактык жана салттуу журналистиканы изилдеп окуйт. Массалык маалыматтар жөнүндөгү мыйзамды изилдеп, толук түшүнүп, жеткиликтүү билим алган соң гана колуна камера менен микрофон алып иштөөгө чыгышат. Ал эми блогерлерде ошол билим жетишпейт.
Журналистпи, блогерби бүгүн мамлекет алдындагы ар бирибиздин жоопкерчилибиз бар экендигин унутпасак дейт элем.