Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында 25-26-январь күндөрү Жумгал районунун XIII республикалык ачык кубогу өттү.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, мелдешке 7 команда катышты. Атай кетсек, Ысык-Көл облусунан "Долон" жана "Ысык-Көл", Жумгал районунан "Жумгал-Шортон", "Байзак -Дордо", "Барчын", "Байзак баатыр", Нарын шаарынан "Нарын шумкарлары" командасы.
Турнирге президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын облустук хоккей федерациясынын президенти Алтынбек Эргешов, Кыргыз Эл артисти, профессор Муратбек Бегалиев, Жумгал хоккей федерациясынын президенти Урматбек Мамырканов, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков, ЖКнын вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин атынан кеңешчиси Кубатбек уулу Нарынбек, Жумгал районунун акими Алыбек Набиев, облустук, райондук мекеме жетекчилери жана жергиликтүү тургундар күбө болушту.
Финалдык беттеште биринчи орун үчүн "Нарын шумкарлары" командасы жана "Жумгал-Шортон" командасы ат салышты.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов бүйүр кызыткан оюн көрсөтүшкөндүгү үчүн командаларга ыраазычылык билдирип, келечекте хоккей оюну боюнча нарындык оюнчулар дүйнөлүк таймаштарга өлкөнүн намысын коргоп келерине ишеничи бар экенин билдирди. Ошондой эле, ушул жылдын февраль айында облус жетекчисинин хоккей боюнча кубогу өткөрүлөрүн маалымдады. Оюнчуларга ийгиликтерди каалап, байге фондуна акча каражатын тапшырды.
Андан соң коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, байге фондуна акча каражатын беришти.
Жалпы байге фонду сыйлыктарга жана уюштуруу иштерине 300 миң сомду түздү.
Оюндун жыйынтыгында дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды:
1- орунду камсыздаган "Нарын шумкарлары" (Нарын шаары) командасына кубок жана 70 миң сом;
2-орун - "Жумгал-Шортон" (Чаек айылы) командасына 45 миң сом;
3-орун - "Миң-Куш" (Миң-Куш айылы) командасына 30 миң сом;
4-орун "Байзак баатыр" (Байзак айылы) командасына 20 миң сом.
Мындан сырткары, "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу", "Мыкты оюнчу", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты калыс", "Мыкты бомбардир" номинациялары боюнча диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.