ЖРТнын жыйынтыгы. Бүтүрүүчүлөрдүн 67,3 пайызы босого баллдан өттү

Билим 24 Июнь 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-06-24 at 17.51.25 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-24 at 17.51.25.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-24 at 17.51.25 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-24 at 17.51.25.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бүтүрүүчүлөрдүн 67,3 пайызы босого баллдан өттү. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал үстүбүздөгү жылы 54 бүтүрүүчү “Алтын сертификат” ала турганын жана 2009-жылдан бери ЖРТнын тарыхында 242 балл рекорддук көрсөткүч болгонун белгиледи. Ал мындан тышкары билим берүүнүн сапаты жана ЖРТнын жыйынтыгына байланыштуу суроолорго жооп берди.