Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Жол инспекторлорунун 2024-жылдагы спорттук көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, иш-чарага Динамо коомдук бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев, башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков жана жол инспекторлору катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Жеңишбек Жоробеков кызматтын намысын коргоп, жаштарды сергек жашоого үндөгөн кесиптештерине бекем ден соолук каалап, мындан ары да чоң ийгиликтерге жетүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирип, спорттук формаларды тапшырды.
Белгилей кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын спортчулары 2024-жылдын ичинде ИИМдин 7 чемпионатына катышып, спорттун 10 түрүндөгү мелдештерде күч сынашкан.
Ошондой эле жыл жыйынтыгы менен ИИМдин түзүмдөрүнөн түзүлгөн 15 команданын ичинен 2-орунга ээ болушкан.