Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Анталья шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жогорку сотторунун төрагаларынын конференциясынын алкагында КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун катышуусунда Түркиянын Жогорку сотунун төрагасы Өмер Керкез, Жогорку административдик сотунун төрагасы Зеки Йигит жана Казакстандын Жогорку сотунун административдик иштер боюнча сот коллегиясынын төрагасы Аслан Тукиев менен сүйлөшүүлөр болду.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары белгилегендей, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн укуктук тутумдарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп келет.
"Кыргызстан менен Түркияны көп жылдык достуктун жана бир туугандыктын бекем байланышы бириктирет. Элибиз ар дайым бири-бирин колдоп келген жана бүгүн бул байланышты жылдан жылга чыңдалып жаткандыгына күбө болуудабыз. Өзгөчө эл аралык аянтчалардын алкагында түзүлгөн сот системалары ортосундагы диалог региондук укуктук интеграцияны бекемдөөнүн маанилүү механизми болуп саналат", - деди Бакирова.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-майында Түркиянын Анталья шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жогорку сотторунун төрагаларынын конференциясы өз ишин баштаган. Ушул күндөрү КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова жетектеген кыргыз делегациясы Түркияда бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө жетишти.