Жогорку соттун төрагасынын орун басары студенттерге лекция окуду

Коом 897 19 Март 2025 11:03
484800345_997609859215047_899274922124238617_n.jpg
484539589_997609779215055_3479806407392928464_n.jpg
484719211_997609552548411_2887112041110763315_n.jpg
484732043_997610092548357_287338602021634918_n.jpg
484779982_997609752548391_4026275730107788075_n.jpg
484814351_997609472548419_1955183632070573010_n.jpg
484871748_997609999215033_6280470385743471192_n.jpg
485346682_997609499215083_4643071098235533543_n.jpg
485367105_997609555881744_1045012212590141284_n.jpg
485722163_997609469215086_2088879156808615793_n.jpg
485723117_997609979215035_1596310615574021374_n.jpg
485723368_997609709215062_8979591352535690131_n.jpg
485726709_997609512548415_932215133745931490_n.jpg
485856166_997609952548371_4937549497756661186_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку соттун басма сөз кызматы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясынын студенттерине "Кыргыз Республикасынын сот тутуму" темасында лекция окуду.

Жогорку соттон билдиришкендей, лекциянын жүрүшүндө Кыргызстандын сот системасынын түзүмү, анын Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык иштөөсү, сот бийлигинин көзкарандысыздыгы жана анын мамлекеттеги ролу боюнча кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле Конституциялык сот, Жогорку сот жана жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктары, алардын милдеттери жана иштөө принциптери талкууланды.

Нургуль Бакирова студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип, алар менен сот тутумунун иштеши жана укуктук тармактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары Жогорку соттун төрагасынын орун басары сот жана прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө маалымат берип, прокурорлордун соттук процесстердеги орду жана укуктук системадагы мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Лекция учурунда чыныгы соттук иштерден алынган мисалдар келтирилип, Кыргызстандын сот тутумундагы реформалар жана заманбап технологиялардын киргизилиши жөнүндө да сөз болду.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин укуктук билим деңгээлин жогорулатуу, сот бийлигинин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири түшүнүк берүү жана келечектеги укук коргоочуларды кесипкөйлүккө шыктандыруу.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы негизделген Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясы 2024-жылы ачылган. Учурда 250гө жакын студент билим алат. Эки факультеттен турган окуу жайда юриспруденция, прокуратура менен сот ишмердүүлүгү, соттук экспертиза жана маалымат коопсуздугу багытында окуу жүргүзүлөт.