Жогорку сотто коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Коом 850 14 Февраль 2025 10:05
479629300_972573045052062_8743019339651658727_n.jpg
479968542_972572198385480_8668300730272873271_n.jpg
480088073_972573901718643_1312409223492591530_n.jpg
478358802_972570495052317_6098436622296564154_n.jpg
480153955_972572511718782_7604045997379278731_n.jpg
479095552_972572025052164_8348353537772215869_n.jpg
479735436_972572465052120_1446604133199931994_n.jpg
479744972_972572598385440_3914425469146808621_n.jpg
479876707_972571881718845_6091018806048763068_n.jpg
480002321_972573888385311_141747798337931945_n.jpg
480028535_972572308385469_6069567902934315987_n.jpg
480100207_972570245052342_3034813978712487199_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку соттун басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, ага Жогорку соттун судьялары, ал эми жергиликтүү соттор видеоконференц байланыш аркылуу катышышты.

Жыйында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев маалымат берип, анда КР президенти тарабынан 2024-жылдын 31-декабрында “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол коюлгандыгын айтты.

Аталган мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, төмөнкүлөр бекитилген:

- коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын соттуулугу жоюлса дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу;

- коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып түүрүндөгү жазаларды жокко чыгаруу;

- коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо жана ушул сыяктуу эле башка чаралар.

Мамлекет тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чукул аракеттер көрүлүп жаткан учурда судьялар, жалпы сот системасы четте турбашы керек экендигин Нурлан Мусаев белгиледи.

Анын маалыматы боюнча, 2023-жылы КР Судьялар кеңеши тарабынан иштөөдөгү кемчиликтеринен улам 8 судья кызмат ордунан четтетилген.

Ошондой эле 2023-жылы Судьялар кеңеши тарабынан Башкы прокурордун сунуштарынын негизинде 6 судья жана экс-судьяларга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берилип, 3 судья кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган.

2024-жылы Судьялар кеңеши тарабынан 9 судьяга карата макулдук берилип, 5 судья кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган.

Жыйындын жүрүшүндө, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев судьяларды мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечимдерди чыгарып, коррупцияга малынбай, таза болууга чакырды.

Ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагаларына аппарат кызматкерлерине дагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйындарды өткөрүү тапшырмасы берилди.