Жогорку Кеңештин жаңы 4 депутаты ант берди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Февраль 2026 12:20
69940046b953a.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы 4 депутатына БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров төш белги жана күбөлүктөрдү тапшырды.

Андан соң эл өкүлдөрү – Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов, Айгүл Карабекова жана Азизбек Абдуллаев ант беришти.

Белгилей кетсек, үч депутат – Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов, Айгүл Карабекова БШКнын №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө токтомунун негизинде мандат алды.

Ал эми Азизбек Абдуллаев №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Элдар Сулайманов өз каалоосу менен мандат тапшыргандыгына байланыштуу парламентке келди.