Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамасында 100дөй жаранды кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, салтка айланган кезектеги кабыл алууга алыскы аймактардан шайлоочулар арбын келип, төрага менен жекече жолугушту. Анда ар кыл көйгөйлөр көтөрүлүп, коомдук маанидеги түрдүү маселелер тууралуу сөз болду. Айрыкча укук коргоо, сот жана саламаттыкты сактоо тармактарына тиешелүү арыздар айтылып, жарандардын көпчүлүгү турак-жай жана жер маселесине байланышкан жагдайларга да токтолушту.
Айрымдары боюнча жасалма интеллекттин жардамы менен кайрылуу, арыз каттары дароо кабыл алынса, кээ бирлери тууралуу Төрага тиешелүү мамлекеттик-муниципалдык мекемелерге чечүү тапшырмасын берди.
Ошону менен катар, Марлен Маматалиев айтылган бардык маселе көңүл сыртында калбай тургандыгын билдирип, ар бири боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.