Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий сапарынын алкагында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Франциянын парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү, депутаттардын достук топторунун ишин активдештирүү, тажрыйба алмашуу жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, билим берүү, туризм жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты күчөтүү боюнча пикир алышты.
Жолугушууга эки өлкөнүн парламенттер аралык достук топторунун мүчөлөрү катышты.
Сапардын жүрүшүндө кыргызстандык депутаттар Франция Сенатынын түзүмү, ишмердиги жана мыйзам чыгаруу процессиндеги ролу менен таанышты.