Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 2025-жылга карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жылдык баяндамасын укту.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, баяндаманы БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров тааныштырды. Анда шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, укуктук маданиятын жогорулатуу жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштер камтылды.
Талкууда депутаттар шайлоо процессиндеги бир катар көйгөйлөргө токтолушту. Дастан Бекешев талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук кылуу үчүн QR-коддордун иштебей калган учурларын айтып, майыптыгы бар адамдардын мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартибин өзгөртүү сунушун билдирди.
Болот Ибрагимов добуштарды сатып алууга каршы күрөшүү жана мындай фактылардын алдын алуу чараларына кызыкты. Венера Салямова шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатуу маселесин көтөрдү.
Комитеттин төрайымы Гүлнара Акимбаева майыптыгы бар адамдардын шайлоо укугун толук ишке ашыруусу үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү БШК төрагасынын жылдык баяндамасын эске алышты.