Жогорку Кеңештеги 31 айым депутат: ЕККУ Кыргызстандын кадамын жогору баалады

Жогорку Кеңеш 3310 24 Март 2026 18:30
image1 (1).jpg
image9.jpg
image8.jpg
image10.jpg
image6.jpg
image3.jpg
image2.jpg
image4.jpg
image5.jpg
Алдыга
Артка
image1 (1).jpg
image9.jpg
image8.jpg
image10.jpg
image6.jpg
image3.jpg
image2.jpg
image4.jpg
image5.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Феридун Синирлиоглун кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, төрага азыркы геосаясий кырдаалда ЕККУ менен диалогду кеңейтүү жана Парламенттик ассамблеянын алкагында байланыштарды чыңдоо маанилүү экенин белгиледи.

Марлен Маматалиев акыркы шайлоодо аялдар үчүн атайын квоталар каралганын, натыйжада парламентте 31 айым депутат бар экенин айтты. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан лидер өлкөлөрдүн катарына киргени өзгөчө белгиленди.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен коңшу өлкөлөр жана ЕККУга мүчө мамлекеттер менен бардык багыттарда алакалар өнүгүп жатканы айтылды.

Башкы катчы Феридун Синирлиоглу Кыргызстандын 34 жыл ичиндеги өнүгүүсүн жана демократиялык институттарды чыңдоодогу, өзгөчө гендердик теңчиликти камсыздоодогу аракеттерин жогору баалады.

Тараптар адам укуктары, коопсуздук жана экономика багытындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну макулдашты.