Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Ар кандай" саатында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Алсак, депутат Жылдыз Садырбаева нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл буруп, мындай маселелерди объективдүү жана ар тараптуу кароо чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
"Медицинада оорлошулар болбой койбойт. Оорунун өрчүшүн, дарыгердин катасын жана кылмыштуу шалаакылыкты так ажырата билүү маанилүү", – деген депутат мамлекеттик органдарды бул жагдайга көңүл буруп, медицина кызматкерлеринин жоопкерчилигине байланыштуу мыйзамдарды өркүндөтүү маселесин карап чыгууга чакырды.
Ал эми депутат Дастан Бекешев жарандардан баалардын, анын ичинен азык-түлүккө, дары-дармекке, коммуналдык кызматтарга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифтердин өсүшүнө байланыштуу көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын айтты. Ага ылайык, министрлер кабинетинен баалардын өсүшүн кармап туруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү тууралуу так маалымат берүүнү суранды.
Өз кезегинде эл өкүлү Гүлшаркан Култаева Ноокен районунун айрым айылдарындагы социалдык объектилердин абалы тууралуу кеп кылды. Атап айтканда, Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы №19 мектеп авариялык абалда экенин, жаңы имараттын долбоору даяр болгону менен курулуш иштери баштала электигин маалымдады. Ошондой эле Көкөндүк айыл аймагындагы Н. Зайниддинов атындагы жаңы мектептин курулушун баштоо зарылдыгын айтып, тиешелүү тапшырма берүүнү өтүндү.
Депутат Бактыяр Калпаев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин татаал шарттардагы кызматын жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана башка маанилүү иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга кошкон салымын эске алуу керектигин белгилеп, аларга берилүүчү азык-түлүк паегунун көлөмүн кайра карап чыгуу керектигин айтты.
Депутат Тотобүбү Ашымбаева Аламүдүн районунун Октябрь жана Байтик айылдарындагы бир катар курч социалдык-экономикалык маселелерге токтолду. Тагыраагы, Октябрь айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бир катар объектилерди, анын ичинен тоок фермасын, балдар лагерин жана мончону мамлекеттин балансына кайтаруу маселесин көтөрдү. Муну менен катар "Нур билим" жаңы конушунун тургундарын таза суу менен камсыз кылуу керектигин кошумчалады.
Эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков милициянын иш көрсөткүчтөрү, кылмыштарды ачуу жана коомдук тартипти камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан жетишкендиктерине токтолуп, милиция кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, кызматтык үстөк акылардын өлчөмү акыркы 5-6 жылдан бери карала элек. Ошону менен бирге депутат борбор калаадагы жол тыгындары көйгөйүнө көңүл буруп, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинен метро жана кошумча жолдорду куруу убакыт талабы экенин жүйө келтирди.
Депутат Камила Талиева мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча маселени көтөрүп, Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы мектепте окуу процесси башталбай, сабактар онлайн форматка өткөрүлгөнүн сындады. Ошону менен бирге эл өкүлү окуу китептеринин жетишсиздигине жана алардын базарларда сатылып жатканына көңүл бурду. Ушуга байланыштуу окуу китептеринин базарларда сатылышынын себептерин иликтеп, тиешелүү чараларды көрүүнү табыштады. Камила Талиева быйыл эле жаңы окуу китептерин басып чыгарууга жана тиражын көбөйтүүгө 750 млн сом бөлүнгөнүнө карабастан, окуу китептеринин жетишсиздиги маселеси дагы деле актуалдуу бойдон турганын белгиледи.
Депутат Чынгыз Ажибаев Лейлек жана Баткен райондорунун чек арага жакын аймактарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо маселесине көңүл бурду. Ал калкты таза суу менен камсыз кылуу жана сугат суу маселесин чечүү үчүн тиешелүү аймактарга заманбап техникаларды жеткирүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Муну менен катар депутат бала бакчаларда орундардын жетишсиздигине көңүл буруп, бул маселени чечүүгө багытталган чараларды көрүүгө чакырды.
Депутат Улан Примов Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы ичүүчү суу маселесин, ошондой эле Торгой-Булак турак жай массивинде мектеп жана бала бакча куруу зарылдыгын көтөрүп, аталган социалдык объектилерди капиталдык салымдар программасына киргизүүнү сунуштады.