Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ош – Алай унаа жолунда катталган каргашалуу окуяга токтолуп, өлкөдө сел коркунучунун алдын алуу чараларын күчөтүүнү талап кылды.
Эл өкүлү кырсык 6 адамдын өмүрүн алганын өкүнүү менен белгиледи.
“Ош – Алай унаа жолунда каргашалуу окуя болду. Унааны сел агызып кетип, анын кесепетинен Алай районунун 6 тургуну каза болду. Набыт болгондордун эң кичүүсү болгону 1 жаштагы наристе экен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаан-чачын жана сел коркунучу тууралуу эскертүүлөр тынбай берилип жатат, бирок ага карабастан ушундай кайгылуу окуялар орун алууда”, — деди депутат.
Ал быйыл өлкө аймагында жаан-чачын көп болуп жатканын белгилеп, президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө кайрылды.
“Урматтуу президенттин өкүлү, ушул маселени Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жеткирип, калкка эскертүүлөрдү берүүнү күчөтүү зарыл. Эң негизгиси, учурда жайлоолордо жана сел жүрүү коркунучу жогору болгон кооптуу аймактарда жайгашкан үйлөрдү коопсуз жайларга көчүрүү керек. Эгер алдын ала чара көрбөсөк, кырсык өзү келбейт, аны биз алдын алышыбыз керек. Мамлекеттик органдар ыкчам аракеттерди көрүшү зарыл”, — деп баса белгиледи депутат.