Жогорку Кеңеште цирктин жетекчисин кызматтан четтетүү маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 05 Февраль 2025 12:40
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында А. Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирктин жетекчиси Светлана Ашированы кызматтан четтетип туруп, эмгек жамааттагы түшүнбөстүктөрдү комиссия түзүү менен акыйкат чечүү маселеси көтөрүлдү.

Эл өкүлү Шарапат Мажитова цирктин эмгек жамаатынан келген кат менен жыйындын катышуучуларын тааныштырып, коллективде ар кандай интригалар, куугунтуктар жана бөлүнүүлөр болуп жатканы жазылганын билдирди.

“Мага кечээ А. Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирктин эмгек жамаатынын атынан кат келип түштү. Катта цирктин жаңы дайындалган директору Аширова Светлананын директорлук кызматка эч кандай тажрыйбасы жок экендиги, цирк ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүн билбегендиктен, жамаатта ар кандай интригалардын, куугунтуктардын жана бөлүнүүлөрдүн болушуна жол берилип жатканы жазылган.

Өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, көп жыл өз өмүрүн циркке арнаган кадрларды өз ойлорун айтып койгондугу үчүн куугунтуктап, иштен кетирип, программадан себепсиз алып коюп, өз билгенин кылып жатат деп жазылган.

Сураныч Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде коммиссия түзүп, коллективдеги түшүнбөстүктөр чечилсин. Белгилүү болгондой цирк жакында эле толук жаңыланып, жакшы иши менен тааныла турган болуп жатат. Бирок, учурдагы келишпестиктердин айынан эмгек жамаат тарап кеткенге чейин барып калыптыр.

Комиссия иш алып барып жатканда жаңы жетекчи Ашированы четтетип туруп, тыкыр иликтеп, акыйкат жыйынтык чыгарып берсе деген сунуштарын кат ээлери беришүүдө”, - деди депутат.

Эске салсак, Светлана Аширова циркте көркөм жетекчи болуп жүрүп, 2024-жылдын 23-октябрында директорлукка дайындалган.