Жогорку Кеңеш жаштар саясатын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат – төрага

Жогорку Кеңеш Загрузка... 20 Март 2026 11:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйынга төрага Марлен Маматалиев катышып, депутаттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бирге жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду талкуулашты.

Мыйзам чыгаруу органы катары Жогорку Кеңеш жаштар саясатын алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеген Марлен Маматалиев: "Жакында эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү. Аны түзүүнүн максаты — жаштар менен туруктуу байланыш түзүү жана алардын демилгелерин колдоо", – деди. 

Жыйында "Жаш кадрлар мектеби" долбоору сунушталды. Анын алкагында 3-4-курстун студенттери жана 35 жашка чейинки жаш адистер мамлекеттик башкаруу жана мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө практикалык тажрыйба топтошот.

Төрага ушул сыяктуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү кызматташууга чакырып: "Өзүбүз да каржылык колдоо көрсөтүп, жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдойбуз. Албетте өнөктөштөрдүн көмөгү менен да натыйжалуу жыйынтыктарга жетебиз деген ишеничтемин", – деди.

Ал эми Жаштар кеңешин түзүү демилгесинин автору, депутат Табылды Муратбеков жаштар саясаты формалдуу мүнөздө калбашы керектигин белгилеп: "Бул кеңеш реалдуу сунуштарды иштеп чыгып, мыйзам чыгаруу процессине практикалык салым кошо турган аянтча болушу зарыл", - деп билдирди.

Өз кезегинде БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева жаштарды колдоо багытында жасап жаткан иштери тууралуу кеп кылып, төраганын алдындагы Жаштар кеңеши менен да тыгыз иш алып барууга даяр экендиктерин кошумчалады.

Талкуу маалында Жаштар кеңешинин алкагында экология, ишкердик жана калктын аярлуу катмарынын маселелерине байланышкан комитеттерди түзүү сунушу көтөрүлдү.