Жогорку Кеңеш Улуттук банктын тышкы аудиторун бекитти

Жогорку Кеңеш 14 май 2026 12:35
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын тышкы аудиторун бекитти

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйынында Улуттук банктын 2026-2028-жылдарга карата тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө токтом долбоорун жактырышты.

Парламенттин чечимине ылайык, Улуттук банктын тышкы аудитору болуп Grant Thornton эл аралык аудитордук компаниясы бекитилди.