Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоору президент тарабынан демилгеленген.
Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитеттин төрайымы Гүлнара Акимбаева белгилегендей, мыйзам долбоору референдум жөнүндө колдонуудагы мыйзамды 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган жана президент тарабынан 2021-жылдын 5-майында кол коюлган КР Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган.
Андан тышкары, жыйында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорду Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө багытталган.
"Анын максаты камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу жана жарандардын корголушун күчөтүү. Мыйзам камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жана кепилденген тартипте төлөөнү камсыз кылууга багытталат", - деп айтылат маалыматта.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.