Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн бекитти

Жогорку Кеңеш 24 сентябрь 2026 10:50
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн бекитти
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө токтомду кабыл алды. Ага ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Токтом долбоору үчүн 86 депутат добуш берип, каршы добуш болгон жок.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев шайлоонун шаршемби күнүнө белгилениши жарандардын добуш берүүгө катышуусун көбөйтүү максатын көздөөрүн белгиледи. Анын айтымында, шайлоочулардын катышуусу канчалык жогору болсо, добуштарды сатып алууга байланышкан коррупциялык схемалардын алдын алууга ошончолук мүмкүнчүлүк түзүлөт.