Жогорку Кеңеш Нуржан Шайлдабекованы БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту

Жогорку Кеңеш 13 февраль 2025 16:20
Жогорку Кеңеш Нуржан Шайлдабекованы БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Нуржан Шайлдабекованы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды. 

Парламенттен билдиришкендей, аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. 

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Нуржан Шайлдабекованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.