Жогорку Кеңеш Эркин Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 05 Февраль 2025 13:33
cheycheaev.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйында Эркин Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.  

Парламенттен билдиришкендей, талкуунун жүрүшүндө депутаттар Дастан Бекешев, Бактыбек Чойбеков саламаттык сактоо тармагында кадр тартыштыгын жоюу керектигин белгилешти.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы аркылуу калкты сапаттуу жана арзан дары-дармек менен камсыздоо керектигин айтса, Чыңгыз Ажибаев эл аралык уюмдар аркылуу бул тармакка инвестиция тартуу маселесин белгиледи.

Депутат Алишер Козуев жугуштуу оорулар менен күрөшүүнү күчөтүү маселесин айтса,  депутат Марлен Маматалиев ооруканаларды санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурду.  

Эл өкүлү Чолпон Султанбекова медициналык жаш кадрлардын кесиптик дараметин жогорулатуу маселесине кайрылса, депутат Эрулан Кокулов жеке лабораториялардын бааларын арзандатуу, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментин реформалоо жагдайын белгиледи.  

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Эркин Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.