Жогорку Кеңеш ЕККУ менен кызматташууну тереңдетет

Жогорку Кеңеш Загрузка... 29 Июнь 2026 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Медербек Алиев Жогорку Кеңеш ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен түзүлгөн конструктивдүү кызматташтыкты жогору баалай турганын белгилеп, аталган кеңсе парламенттин негизги өнөктөштөрүнүн бири катары мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо жана мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү маселелеринде эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүп келе жатканына токтолду. 

Ал эми ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт кеңсенин ишмердүүлүгүнө берилген жогорку баа үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана Жогорку Кеңеш менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.