ЖК Кемин – Балыкчы электр берүү чубалгысын куруу долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 22 Апрель 2026 15:50
WhatsApp Image 2026-04-21 at 18.03.41.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Кемин" жана "Балыкчы" көмөк чордондорунун ортосунда 500 кВ чыңалуудагы аба электр берүү чубалгысын куруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Бул долбоор Бишкек шаарында 2025-жылдын 31-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосундагы Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын негизинде ишке ашырылат. Макулдашууга ылайык, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы долбоордун аткаруучусу болуп саналат.

Жаңы электр берүү чубалгысынын курулушу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана аймактарды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.