ЖК бир катар эл аралык макулдашууларды ратификациялады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 22 Апрель 2026 16:10
3534257_jaZOC36.8c5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында эл аралык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу бир катар мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлору төмөнкүлөр:

- "2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу";

- "2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу";

- "2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Падышалыгы, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Падышалыгы) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу";

- "2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө".

Андан тышкары, "2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Макулдашуу электрондук сооданы, электрондук соодада керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону, экспресс-жеткирүүнү, жеке маалыматтарды коргоону жана электрондук коммерция чөйрөсүндө бизнес-коомчулуктардын ортосундагы кызматташтыкты камтыйт.