Жети-Өгүздө 13 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө

Аймак 21 Август 2026 16:45
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.59.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Шалба – Липенко – Жон-Булак унаа жолунун Кабак – Липенко тилкесинде асфальт-бетон төшөө иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, жолдун 13 чакырым тилкесин асфальттоо пландалган. Учурда иштер №35 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан атайын техникалардын жана жумушчулардын жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Жолдун жаңыланышы аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, тургундар үчүн шарттарды жакшыртууга жана транспорттук каттамдын сапатын жогорулатууга багытталган.

Курулуш иштеринин сапаты жана өз мөөнөтүндө аткарылышы Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө.