Жер мунапысы жана каттоо: Соттук практикадагы негизги маселелер

24 сентябрь 2026 16:47
Жер мунапысы жана каттоо: Соттук практикадагы негизги маселелер
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.26 /Кабар/. Жерди берүү, алуу, пайдалануу жана ага болгон укукту токтотууга байланышкан талаштар соттордо көп каралган административдик иштердин бири. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун судьясы Анар Эгембердиева билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер участокторун берүү боюнча чечимдерине, аракеттерине жана аракетсиздигине даттанган иштер көп кездешет. Мындан тышкары, жерге болгон укукту мамлекеттик каттоого байланышкан талаштар да бар.

Судья жер мунапысына кирген жерлер боюнча талаштарда мыйзамдуу документтери бар адамдардын укугу эске алынышы керектигин белгиледи.

“Эгер талаш болуп жаткан жер участогу жер мунапысынын тизмесине киргизилип, аны талап кылган адамдын мыйзамда белгиленген тартипте берилген жана катталган тиешелүү документтери болсо, анын укугу мыйзамдуу жана артыкчылыктуу катары корголууга тийиш”, — деди Эгембердиева.

Ошол эле учурда жер мунапысына кирген участокту жеке менчикке бекитип берүүдөн ыйгарым укуктуу органдар негизсиз баш тарткан учурлар да кездешет. Мындай иштердин биринде сот жер участогуна түздөн-түз тиешеси жок мурдагы соттун чечимин гана негиз кылып, жерди берүүдөн баш тартуу туура эмес экенин белгилеген.

Эгембердиева жерге болгон укукту мамлекеттик каттоодо документтердин аныктыгына жана архивдеги маалыматтарга туура келишине өзгөчө көңүл буруларын айтты. Айрым иштерде жерге болгон укук расмий архивдик нускага дал келбеген документтердин негизинде катталганы аныкталып, мындай каттоо мыйзамсыз деп табылган.

Мындан тышкары, жер талаштарында сотко өз убагында кайрылуу, сотко чейинки белгиленген тартипти сактоо жана укукту коргоонун туура жолун тандоо маанилүү. Бул талаптар аткарылбаса, доо арыз кароосуз калтырылып, иш боюнча өндүрүш токтотулуп же административдик доо кайтарылышы мүмкүн.

Судьянын айтымында, соттор жер жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоого байланышкан талаштарды кароодо чечимдин өзүн гана карабастан, анын кандай негизде кабыл алынганын жана мыйзамда белгиленген тартип сакталган-сакталбаганын да текшерет.

“Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жогорку соттун акыркы сот актыларынын негизинде калыптанган соттук практиканы сөзсүз эске алып, өз ишинде колдонууга тийиш”, — деди Анар Эгембердиева.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Жогорку сот тарабынан уюштурулган жер маселелери боюнча административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда келип чыккан көйгөйлөр боюнча тегерек стол өттү.