Жекшенкулов: Эң негизгиси азыр бизде туруктуулук бар. Аны менен бирге экономикабыз динамикалуу өнүгүүдө

Пикир Загрузка... 28 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Стабилдүүлүктүн жана прагматикалык тышкы саясий курстун аркасында Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине мурдагы тышкы иштер министри, коомдук жана саясий ишмер Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Аликбек Жекшенкулов мамлекеттик курулуштагы чукул бурулушту белгилеп, өлкө жетекчилигине бир нече жылдын ичинде сапаттык өзгөрүүлөргө жетишүүгө мүмкүндүк бергенин айтып өттү.

«Өткөн төрт жылдын ичинде өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болду, муну байкабай, белгилебей коюу кыйын. Эң негизгиси азыр бизде стабилдүүлүк жана динамикалуу өнүгүп жаткан экономика бар. Ички маселелерге келсек, бизде жалпысынан, анын ичинде региондордо да оң көрүнүш бар, ошондуктан бийликке болгон ишеним жетишээрлик деңгээлде.

Садыр Жапаров төрт жыл мурда президенттик кызматка киришип жатып, инаугурацияда экономикалык жана социалдык блок, тышкы саясат боюнча берген убадаларынын баары аткарылып жатканына көңүл буруу керек. Эл аралык мамилелерде эки тараптуу форматта да, көп тараптуу негизде да жогорку деңгээлдеги кызматташтыкты чыңдоого негиз түзүлдү. Мунун аркасында Кыргызстандын бедели өсүп, өлкөбүздүн имиджи жетишээрлик жогорку деңгээлге көтөрүлдү.

Социалдык чөйрөнү карасак, биз дагы жакшы жакка өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз, пенсия, жөлөк пулдар көбөйүп, айлыктар көтөрүлүп жатат. Балким биз каалаган темпте эмес, мүмкүн болушунча жана бюджеттин чегинде бул иштер аткарылып жатат. Башкача айтканда, биз бир орунда турбай, туура багытта бара жатабыз. Социалдык милдеттенмелерди аткаруу мамлекет башчынын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин көрүп турабыз.

Бюджет кыйла өстү, салык чогултуу максимумга жетип жатат деп көп жолу айтылды. Мындан улам мектептер, бала бакчалар курулуп, жолдор оңдолуп, инфраструктура жакшырып жатат. Аймактык аэропорттордун курулушу, энергетика жана туризм тармактардагы долбоорлор ишке ашып жатканы, завод-фабрикалардын ачылышы жана башка көп нерселер Кыргызстандын туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн айгинелейт. Мунун баары өлкөгө олуттуу чет элдик инвестицияларды тартууга жакшы шарттарды түзөт. Башкача айтканда, жалпысынан бардык тармактар чыңдалууда жана натыйжаларды берип жатат. Бул өлкөнүн өздүк автомобиль өнөр жайынын пайда болушун жана айыл чарбасындагы көрсөткүчтөрдүн жакшырышын камтыйт.

Коопсуздук маселелерине да токтоло кетүү керек. Кыргызстандын президентинин аракетинин жана саясий эркинин аркасында тышкы периметрдеги талаштуу аймактар боюнча маселелер чечилди. Бул жылдар аралыгында Өзбекстан жана Тажикстан менен консенсуска келгенин тарыхый окуя деп атоого болот. Ошентип, туруксуздуктун булагын жок кылуу жана бул маселелерди коңшулар менен бирге чечүү менен өлкө эгемендигин бекемдеди.

Кыргызстандын ЖККУ жана ШКУ сыяктуу уюмдарга активдүү катышуусу, БУУ менен кызматташуу, ЕАЭБ жана КМШдагы өз ара аракеттенүүсү негизги өнөктөштөр менен экономикалык кызматташуу жана стратегиялык туруктуулукту сактоо маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет.

Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарын урматтоого негизделген ишенимдүү өнөктөштөр менен мамиле түзө алганы республикага олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берди», — деп жыйынтыктады Аликбек Жекшенкулов.