Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Ош-тазалык" муниципалдык ишканасына атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, атайын техника "Мастер Микс" компаниясы тарабынан алынып, мэриянын балансына өткөрүлүп берилген.
Ош шаарынын мэри аталган курулуш компаниясынын директору Шайырбек Мыктыбековго ыраазычылык билдирип, жаңы атайын көчө тазалоочу унааны сынап көрдү.