Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары чыңдоого, ошондой эле мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара байланыштарды тереңдетүүгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Башкы катчы Өмүралиев министрге ТМУ катчылыгынын 2024-жылга карата ишинин жыйынтыгы, ошондой эле учурдагы мезгилге иш пландары тууралуу маалымат берди.

Министр Жээнбек Кулубаев Бишкек декларациясын, ошондой эле Кыргызстандын ТМУда учурда төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өзгөчө көңүл 2025-жылы Кыргызстандын ТМУга төрагалык кылуусуна байланыштуу боло турган иш-чараларга бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар ТМУ алкагында жигердүү иштерди улантып, пландалган демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды жасоого макулдашышты.