Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Оман Султанатына барат

Саясат Загрузка... 11 Февраль 2025 10:50
WhatsApp Image 2025-02-10 at 20.05.11.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-12-февралда кесиптеши Саид Альбусаидинин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу Оман Султанатына расмий сапар менен барат.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын сүйлөшүүлөрү мерчемделген, анын жүрүшүндө кыргыз-оман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий өз ара аракеттенүү, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык талкууланат.

Жээнбек Кулубаев Омандын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.