Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Афганистандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен телефон аркылуу сүйлөштү.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы практикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү маселелерине бурулду.
Афганистан тарап Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлүшү, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.