Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. 2025-жылдын жазгы айдап себүүсүнө республика боюнча жалпы 57,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, азыркы учурда үрөнчүлүк чарбалар жана чарбалык субъекттер тарабынан 64,6 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолду.
Анын ичинен:
- күздүк буудай үрөнүнүн керектөөсү 17,8 миң тонна, топтолгону 20,5 миң тонна болуп, 87,3%га камсыздалды;
- күздүк арпанын керектөөсү 39,5 миң тонна, топтолгону 43,9 миң тоннаны түзүп, 89,96 %га камыздалды;
- сулу үрөнүнүн керектөөсү 15,7 миӊ тонна, топтолгону 15,7 миӊ тоннаны түзүп, 100%га камсыздалды.
Мындан башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү:
- жүгөрү үрөнүн керектөөсү 31,6 миӊ тоннаны түзсө, топтолгону 28,1 миӊ тонна, камсыздалганы 88,5%;
- май өсүмдүктөрүнүн керектөөсү 48,6 миӊ тонна, топтолгону 46,8 миӊ тоннаны түзүп, камсыздоо 96,2 %;
- пахта үрөнүн керектөөсү 74 миӊ тонна, топтолгону 63,5 миӊ тоннаны түзүп, камсыздоо 85,7%;
- тамеки үрөнүн керектөөсү 1,08 миӊ тоннаны, топтолгону 1,07 миӊ тоннаны түзүп, 98,61%га камсыздалды.