Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Талас шаарында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда жаңы окуу жылына даярдык боюнча жыйын өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында мектептердин даярдыгы, окуу китептери менен камсыздоо, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, мектептердеги психолог штаттары, капиталдык оңдоо иштери жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Министр билим берүү реформасынын экинчи этабы башталганын белгилеп, жаңы окуу жылында төрт класстын окуучулары жаңы окуу программалары менен билим ала баштай турганын айтты.
Ошондой эле кесиптик лицейлерди эмгек рыногунун талаптарына ылайык өнүктүрүүдө жергиликтүү бийлик органдары жана иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленди.