Жашыл энергетика фондуна жарым жылда 113 миллион сом түшкөн

Экономика Загрузка... 27 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-27 at 07.29.21.jpeg
copyright icon Жашыл энергетика фондунун басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. 2024-жылдын июль-декабрь айларында Жашыл энергетика фонду инвесторлор менен конкурстук негизде 42 участокту ижарага берүү боюнча келишимдерди түздү. Бул мезгилде Энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) ишке ашырган субъекттерден фондго 113 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Жашыл энергетика фондунун жетекчиси Кундус Кырбашева билдирди.

Анын айтымында, ушул жарым жыл ичинде конкурс комиссиясынын 18 отуруму өткөрүлүп, 107 лот каралды. Жыйынтыгында, инвесторлорго жалпы аянты 3 миң 964 гектар болгон 42 участок берилди. Алардын ичинен:

  • 31 участок кичи ГЭСтерди курууга бөлүнгөн, жалпы кубаттуулугу 351,97 мегаваттты түзөт;
  • 11 участок күн электр станцияларын курууга каралган, жалпы кубаттуулугу 1634,5 мегаватт.

Белгилей кетсек, учурда Жашыл энергетика фондунун балансында жалпы аянты 18 миң 649,524 гектар болгон 68 участок бар. Анын ичинен 14 миң 929,192 гектар ЭКБ объекттерин куруу үчүн конкурстар аркылуу инвесторлорго берилүүгө даяр.

Эске салсак, 2023-жылы фонд болгону 1 отурум өткөрүп, анда 3 лот каралган. Ошол жылы ижара төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттын суммасы нөл сомду түзгөн.