Мыйзамсыз фейерверк саткандарга чара көрүлөт. "Пиротехника" рейди башталды

Коом 30 Декабрь 2025 16:06
Fejerverk.jpg
FB_IMG_1767088723228.jpg
FB_IMG_1767088726476.jpg
FB_IMG_1767088729760.jpg
FB_IMG_1767088733672.jpg
FB_IMG_1767088735822.jpg
Алдыга
Артка
Fejerverk.jpg
FB_IMG_1767088723228.jpg
FB_IMG_1767088726476.jpg
FB_IMG_1767088729760.jpg
FB_IMG_1767088733672.jpg
FB_IMG_1767088735822.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 30.12.25./Кабар/. Жаңы жылдык майрамдардын алдында өлкө аймагында жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган "Пиротехника" рейди өтүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМ кызматкерлери пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатууга жана колдонууга көзөмөлдү күчөтүүдө. Рейддин негизги максаты пиротехниканы колдонуу менен байланышкан өрттөрдүн, жаракаттардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу.

Рейддик иш-чаралар базарларда, соода түйүндөрүндө жана жарандар көп чогулган жерлерде өткөрүлүүдө.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатуу фактылары, ошондой эле аларды сактоонун жана сатуунун белгиленген эрежелерин бузуулар аныкталып, бөгөт коюлууда.

ИИМ жарандарды пиротехниканы колдонууда коопсуздук чараларын катуу сактоого, буюмдарды уруксат берилген жерлерден гана сатып алууга, сапат тастыктамаларын жана колдонуу боюнча нускамалардын болушуна көңүл бурууга, ошондой эле мыйзамсыз соодага катышпоого чакырат.

Эскерте кетсек, пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатуу жана колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.