Жапаров: Жаратылышты коргоо — келечек муундын алдындагы жоопкерчилик

Президент 16 октябрь 2026 16:20
Жапаров: Жаратылышты коргоо — келечек муундын алдындагы жоопкерчилик
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда Армениянын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө курчап турган чөйрөнүн булганышы жана климаттын өзгөрүшү эл аралык кызматташтыкты чыңдоону жана бардык өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттерин талап кыларын баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону экономикалык саясаттын, инвестициялык пландаштыруунун жана аймактарды өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш экенин, ал эми жаратылышты коргоо келечек муундардын алдындагы жалпы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.