Бишкек, 20.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Юта штатынын губернатору Спенсер Коксту өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы АКШга болгон иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы Капитолий имаратында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен болгон жолугушуусунда билдирди.
АКШнын Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс чакырууну жылуу кабыл алган.
Жолугушууда кыргыз тарапты тосуп алган Стюарт Адамс Юта экономикалык жактан өнүккөн штаттардын бири экенин жана тоо-кен тармагында чоң потенциалга ээ экенин белгиледи.
Садыр Жапаров тоо-кен тармагы, туризм, билим берүү жана финансы жааттарында биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга көңүл бурду.