Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда Баку шаарында өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) мамлекет башчыларынын жетинчи саммитинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Азия аймагы динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. БУУнун болжолуна ылайык, 2026-жылы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн 59 пайызы Азияга туура келет.
Ал Кыргызстан бардык катышуучу мамлекеттер менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты.
“Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салып, жаңжалдын мындан ары кеңейишине жол берилбеши керек деп эсептейбиз.
Афганистан Азиядагы жалпы коопсуздук жана кызматташтык мейкиндигинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Өлкөдө туруктуу абалга жетишүү обочолонтуу жана кысым көрсөтүү аркылуу эмес, ырааттуу диалог, экономиканы калыбына келтирүү жана эл аралык коомчулуктун макулдашылган аракеттери аркылуу ишке ашат”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров жана Кыргызстан боордош Палестина менен мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экенин кошумчалады.
“Өз ара ишенимди бекемдөө, чыңалууну күчөтүүдөн баш тартуу, эл аралык укуктун ченемдерин урматтоо жана мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүү Жакынкы Чыгышта узак мөөнөттүү тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзө алат.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саясий эркинин жана түз диалогдун аркасында биз мамлекеттер аралык бир катар татаал маселелерди жөнгө салууга жетиштик. Бул тажрыйбабыз менен бардык өнөктөш өлкөлөр менен бөлүшүүгө даярбыз.
142 мамлекеттин колдоосу менен Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуп биринчи жолу шайланды. Муну чоң жоопкерчилик катары кабыл алып, эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошууга ниеттенебиз”, - деп белгиледи президент.
Садыр Жапаров экономикалык кызматташтыктын негизги багыттарына да токтолуп, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү жана өнөр жай кооперациясын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
“Акыркы төрт жылда Кыргызстандын кеңешменин катышуучу мамлекеттери менен товар жүгүртүүсү эки эседен ашык көбөйүп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 14 миллиард АКШ долларынан ашты.
Биз айрым инвестициялык долбоорлордон биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө өтүүгө кызыкдарбыз. Мындай аянтчалардын бири катары ишкердик жана инвестициялык ишмердүүлүк үчүн өзгөчө укуктук режимге ээ “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагын карап жатабыз. Өнөктөш мамлекеттерди бул аймактагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырабыз”, - деди мамлекет башчысы.
Өз сөзүндө санариптештирүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
“Азия менен Европаны байланыштырган трансчек аралык санариптик инфраструктураны жана була-оптикалык каттамдарды өнүктүрүүнү камтыган санариптик өз ара байланыштуулукту чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди топтоону сунуштайбыз.
Кыргызстан санариптик доордо стратегиялык мааниге ээ болгон ресурстарга – кайра жаралуучу гидроэнергетикага жана жагымдуу климаттык шарттарга ээ. Технологиялык өнөктөштөрдү өлкөбүздүн аймагында маалыматтарды иштетүү борборлорун жана эсептөө кубаттуулуктарын түзүүгө чакырабыз», -деп белгиледи Садыр Жапаров.
Транспорттук байланыш тууралуу сөз кылып жатып, президент Кыргыз Республикасы 2026-жылы Борбор Азия экономикалары үчүн БУУнун атайын программасына (СПЕКА) төрагалык кылып жатканын маалымдады. Төрагалыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири – транспорттук жана логистикалык байланыштуулукту өнүктүрүү.
Мамлекет башчысы энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана туризмди өнүктүрүү келечегине да токтолду.
“Кыргыз Республикасы олуттуу гидроэнергетикалык потенциалга жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Трансчек аралык энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү, электр энергиясы менен өз ара пайдалуу сооданы кеңейтүүнү жана заманбап энергетикалык долбоорлорго инвестиция тартууну келечектүү деп эсептейбиз.
Кыргызстанда “Ала-Тоо Резорт” төрт мезгилдүү туристтик кластерин түзүү долбоору ишке ашырылууда. Бул инфраструктуралык долбоор жылына эки миллионго чейин туристти кабыл алууга мүмкүндүк берип, болжол менен беш миң жумуш ордун түзөт”, - деди президент.
Садыр Жапаров сөзүнүн басымдуу бөлүгүн тоо экосистемаларын сактоого жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү эл аралык кызматташтыкка арнады.
“Кыргызстан БУУнун колдоосу алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фонд түзүүнү сунуштайт. Биз бул фондго алгачкы 10 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүүгө даярбыз.
Мындай механизм өзгөчө аяр тоо экосистемаларын сактоонун практикалык үлгүсү болуп, ошол эле учурда заманбап технологияларды, илимий экспертизаны жана эл аралык каржылоону тартуу үчүн аянтчага айлана алат деп ишенем”, - деди Мамлекет башчысы.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров саммиттин катышуучуларын 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
“Алдыдагы саммит тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп, Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте уюштурулат”, - деп баса белгиледи президент.