Жапалакта газдаштыруу иштери кайра жанданды

Аймак 15 сентябрь 2026 09:55
Жапалакта газдаштыруу иштери кайра жанданды
copyright icon www

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Жапалакта газдаштыруу иштери кайра жанданды.

Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө аймакка 2 чакырымга жакын магистралдык газ түтүгү тартылды. Газ түтүктөрүн тартуу боюнча курулуш иштерин “Ош шаардык газ” ишканасы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Жапалак аймагын газдаштыруу иштери 2008-жылы башталып, ошол учурда 7 чакырымга жакын газ түтүгү тартылган. Бирок долбоор толук аяктабай, иш токтоп калган.

Бул иштер аяктагандан кийин Жапалак айылдык аймагындагы ички көчөлөргө газ түтүктөрү тартылып, турак үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштери башталат.