Жанни Инфантино FIFA`нын президенти кызматында калат

Спорт Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 15:55
о.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясынын башкармалыгы өзгөчө жыйында Жанни Инфантиного ишеним көрсөтүп, анын уюмдун президенти кызматында каларын ырастады. Бул тууралуу DW`га шилтеме берүү менен Казинформ жазды.

Чечим Марокконун Рабат шаарында өткөн жыйында кабыл алынды. Инфантино эл аралык футболдук мелдештерди жарым-жартылай менчиктештирүү демилгесинен кийин сынга кабылган.

FIFAнын маалыматына ылайык, уюмдун башкы катчысы Маттиас Графстрём жана башкармалыктын мүчөлөрү Инфантиного толук ишеним билдиришти. Ошондой эле уюм буга чейин кеткен кемчиликтер үчүн улуттук жана аймактык футбол ассоциацияларынан кечирим сурап, мындай жагдайлардын кайталанбашы үчүн ички иш процесстери өркүндөтүлөрүн билдирди.

Буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрү Инфантинонун кайра шайланышын колдогон каттарын кайтарып алышканы жана анын FIFAдагы келечеги бүдөмүк болуп калганы маалымдалган.