Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Google DeepMind жаңдоо тилин текстке которгон SL2T (sign-language-to-text) моделин тааныштырды. Бул тууралуу Kaзинформ кабарлады.
Маалыматка ылайык, технология Pixel 11 смартфондорундагы Gboard жана Live Transcribe тиркемелерине интеграцияланган.
Буга чейин жасалма интеллектти өнүктүрүү негизинен оозеки кепти таанууга багытталып келген. Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө 70 миллионго жакын кулагы укпаган жана начар уккан адам колдонгон 200дөн ашык жаңдоо тили мындай технологиялар тарабынан кыйла аз камтылган.
SL2T аркылуу колдонуучулар жаңсоолордун жардамы менен интернеттен маалымат издеп, билдирүүлөрдү жана документтерди түзүп, ошондой эле Gemini жасалма интеллект жардамчысына кайрыла алышат. Live Transcribe тиркемесинде маектешке текст терүүнүн ордуна жаңсоолор менен жооп берүүгө болот.
Азырынча технология жаңдоо тилин англис тилине гана которо алат. Google келечекте тилдердин жана түзмөктөрдүн тизмесин акырындык менен кеңейтүүнү пландап жатат.