Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Түзүлгөнүнө дээрлик кылым таяп бара жаткан Ысык-Көлдөгү мурдагы №54 жылкы заводу кезинде атагы алыска кеткен заводдордун бири болгон. Советтер союзу убагында дүркүрөп өсүп турган бул ишканага кийинчерээк жетиштүү көңүл бурулбай, шарттын жоктугунан далай жылкылар өлгөнү айтылууда.
Эми акыркы эки жылдын аралыгында тоют, жемдери камдалып, жылкы чарбасын өнүктүрүү колго алынып жатат. Ушул тапта жылкыларга бериле турган тоюттар ишканага караштуу 400 гектар аянтты ээлеген айдоо жерлерде өстүрүлүүдө.
Бул жылы ал жерлерге арпа, сулуу, жүгөрү, сабиз, картошка, эспарцет эгилген. Алар Ысык Көл районунун Семеновка, Григорьевка, Бактуу-Долоноту, Бостери айылдарында жана Чолпон-Ата шаарында орун алган.
Белгилүү болгондой, Чолпон-Атадагы ат майдан да аталган ишканага карайт. Эми ал жерди да оңдоп-түзөөгө мамлекет тараптан каражат бөлүнөрү кабарланды.