Заманбап шарт жана 600 орун: Ала-Букада жаңы мектеп курулду

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2026 11:40
f7iky2nx.jpg
copyright icon www

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылында жаңы мектеп курулуп бүттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мектепте окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Аянты 1 236 чарчы метр болгон имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана жана спорт залы каралган. Жаңы окуу жылынын башталышы менен билим уясында эки нөөмөттө 600гө жакын бала окуй алат.

Курулуш иштерине жалпысынан 98 млн сом сарпталган.