Жалал-Абадда ишкерлерден акча талап кылган дагы бир блогер кармалды

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-27 at 08.34.25.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ишкерлерден акча талап кылгандыгы үчүн дагы бир блогер кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кармалган жаран социалдык тармактарда "Жазира Осмонова" деген ат менен белгилүү болгон О.Ж.С. болгон.

Ал өзүн журналисттик иликтөөлөрдү чагылдырган блогер катары тааныштырып, бизнес өкүлдөрүнөн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Алсак, О.Ж.С., И.Ч.И. аттуу ишкерди Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы базарлардын биринин ижарачыларынан ижара акысын мыйзамсыз жыйнаган деп айыптап, шантаж жана "журналисттик иликтөө" жүргүзүү менен коркутуп, андан кийин интернет тармактарга материалдарды жарыялоо жолу менен жабырлануучудан бир нече жолу ири суммадагы акча каражаттарын алган.

Белгилей кетсек, аталган О.Ж.С. буга чейин да ушундай эле факт боюнча кармалган дагы бир белгилүү блогер "Айка Мусаева" менен жакын байланышта болгон.

Учурда О.Ж.С.нын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилип жатат. Буга байланыштуу УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы кармалган адамдын аракеттеринен жабыркаган жарандарды (03722) 5-60-49 номери боюнча нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.