Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылында Чыңгыз Айтматов атындагы 275 орундуу мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектептин жалпы аянты 1 миң 236 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.
Эки кабаттуу мектепте окуу кабинеттеринен тышкары компьютердик класстар, жыйындар жана спорт залдары, ашкана, ошондой эле волейбол ойноого ылайыкталган спорт аянтчасы бар.
Белгилей кетсек, мектеп Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирет.